...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


четверг, 1 октября 2015 г.

Түн

Эмне мынча сүйөм сени, жарык түн, -
Суктанамын, суктанбоого барбы арга!
Эмне үчүн сүйөм сени бейпил түн!
Бейпилдигиң менден бөлөк жандарга!..

Ай - жылдыздар - асман - булут- керемет!
Жалтыр ташты жанып өтүп жарык нур,
Шүүдүрүмдүү түнкү гүлгө көрк берет,
Көл үстүнө алтындан жол салыптыр!
Сенин күмүш жарыгыңды сүйөм, түн!
Бул жарыгың - дары уусуна көз жаштын,
Көп эңсеген жообу күткөн жүрөктүн,
Бүдөмүктү ойрон кылган чоң ташкын!
Караңгыда калтырашат бариктер -
Шоокум чыгат тээ карарган деңизден -
Курт-кумурска ызылдашат түнт бакта -
Жылаажындуу үн угулат булактан.
Сенин сырдуу шыбыр үнүң сүйөм, түн!
Какшып турган жан дүйнөнү сергиткен,
Удургуган ой-санаанын сүрөөнүн
Басаңдатып, бейпилдикке ээрчиткен.
Өзүм билбейм, неге сени сүйөм, түн! -
Сени ушунча сүйөмүн да суктанам!
Өзүм билбейм, эмне үчүн сүйөм, түн! -
Балким бейпил күнүм алыс узаган!

Я.П.Полонский

Комментариев нет:

Отправить комментарий