...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


воскресенье, 11 октября 2015 г.

Мактанба

Өпкөңдү бас - өз баркыңды сен сезгин.
Өлкө туусу - кутуда да күчүндө.
Өңгүрөбө түшүнбөйт деп сени эчким,-
Өмүрдө бул, кимдир бирөө түшүнөт.

Өзүңдү өзүң өйдө койбо. Жоголот
Өнөр-күчүң көйрөңдүккө ууланып.
Өзүнө өзү кыйратуучу жоо болот,
Өз күчүнө өзү турса кубанып.

Өзгөлөрдү жектөө жана атак-данк
Өзүн гана жактырууну күчөтөт.
Бирдей эмес орден менен кадыр-барк,
Бирдей эмес орден менен түкүрүк.

Жакшылардын садагасын күтпөгүн,
Жула качып, ачкөздүккө алдырба.
Ким кааласа дароо жана бүкүлү,
Күтө билбес бир кембагал, жарды - ал.

Жок болсо да үстүңдө үй, астыңда ат,
Жабыркадым, кыйналдым деп мактанба.
Акчаң болсо, эркин болгун жакырдай,
Акча жокто жакыр болбо эч качан!

Көралбастык. Мындан уят эмне бар!
Бирөө ийгилик тапса, капа тартпагын.
Ичтен сызба акылына башканын,
Ичтен кайгыр ката кылса башкалар.

Кандай гана сөз болбосун кемсинбе
Кечедеби, же соттобу каардуу.
Сүйүктүүсү болууну көп эңсебей,-
Сүйбөсө да, сүйө билгин жалындуу.

Талантыңды кылып алба туз көзүр.
Көзүр эмес - чынчылдыгың, айбатың.
Мартмын деген - чыны, сараң жан өзү,
Шермин деген - коркок, жалган бир баатыр.

Мактанбагын чын күрөшчү менмин деп,
Жана да айтпа так ортодо жүргөнүң,
Мактанбагын мактанычты жеңдим деп,
Мактанганың - бул ишиңдин бүткөнү.

Евгений Евтушенко

Комментариев нет:

Отправить комментарий