...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


воскресенье, 25 октября 2015 г.

Мен калдымбы ордумда сени менен,
Же сен кетип калдыңбы мени менен,
Кандай болгон күндө да ортобузда,
Ажырашуу болгон жок, пирим менин!

Кайгыруудан чарчаган үшкүрүгүң,
Кабак-кашың бүркөлгөн же жекирүүң,
Коркуу сезим козгобойт мунун баары,
Коркконум - бул бейкапар, жеңил жүрүүң.

Анна Ахматова
1909

Комментариев нет:

Отправить комментарий