Сыйкырларга көнүп калбай,
Суктангыла, таңдангыла!
Умтулгула көздү албай,
Көк асманга көз талдырган.
Суктангыла, таңдангыла!
Умтулгула көздү албай,
Көк асманга көз талдырган.
Булуттарга көз чаптыргын,
Булбул ырын уккун, талбай,
Булактарды суусун кылгын.
Баары өтөт, кайталанбай.
Булбул ырын уккун, талбай,
Булактарды суусун кылгын.
Баары өтөт, кайталанбай.
Ар ирмемде, ар кадамда
Арбалгыла, таңгалгыла.
Көрүнбөгөн сыйкыр камдап,
Көз ирмемдер сызат алга
Арбалгыла, таңгалгыла.
Көрүнбөгөн сыйкыр камдап,
Көз ирмемдер сызат алга
Вадим Шефнер.
Комментариев нет:
Отправить комментарий