Кайыңдардын нымдуу, жышкай
Көзөп өтүп бутактарын
Тизилишет мөлтүр жаштар
Торчо болуп курчап барын.
Көзөп өтүп бутактарын
Тизилишет мөлтүр жаштар
Торчо болуп курчап барын.
Жалбырактар дирилдешет
Жааган ири тамчыларга,
Шамал менен баш ийкешет
Шаабайы сууп, арчалар да.
Жааган ири тамчыларга,
Шамал менен баш ийкешет
Шаабайы сууп, арчалар да.
Көк тиктешип, жалгызсырап
Көрүнүшөт тоо чокулар,
Бозоргон боз желе сымал
Басып алган сур булуттар.
Көрүнүшөт тоо чокулар,
Бозоргон боз желе сымал
Басып алган сур булуттар.
Өткүр шамал токой тинтет,
Айнектерди жууйт тамчылар.
Жадатма жаан ийик ийрет,
Жанды тынымсыз жанчылап.
Айнектерди жууйт тамчылар.
Жадатма жаан ийик ийрет,
Жанды тынымсыз жанчылап.
Алыста ыйды угуп жаттым
Көзүм жуумп жай, тыңшасам:
Аза күткөн асман жашы
Агып бүтпөстөй эч качан.
Көзүм жуумп жай, тыңшасам:
Аза күткөн асман жашы
Агып бүтпөстөй эч качан.
Саша Черный
Комментариев нет:
Отправить комментарий