...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


среда, 21 октября 2015 г.

Кайгылуу... Жандүйнө азабы
Кейитип, жүрөктү эзет,
Көңүлсүз убакыт абазы,
Көөдөнгө дем жетпей келет.
Жатканда, ой келип ачуу
Жабышып чыкпайт эсимден...
Айлантат башты ызы-чуу.
Айламды таппай келем мен.
Алсырайт жандүйнөм, арып.
Алаксый албайм эч жанга.
Кыбырайм, араң дем алып.
Кызыксыз, шаңсыз айлана.
Эмнеге өмүр берилген!
Эчким жок башым жөлөөргө,
Бул жашоо жаштуу, бири кем,
Бакытсыз жашоо оор өтө.
Есенин С.А.

Комментариев нет:

Отправить комментарий