...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


четверг, 8 октября 2015 г.

Короочу сары ит жөнүндө ыр

Апсайган калың сары жүндүү
Жонунан ээси жай сылап:
- Жакшы кал, досум! Өкүнүчтүү,
Бирок мен сени калтырам.

Каргысын чечип ыргытып
Көп элге сиңип жок болду,
Кумурскалардай тыгылып
Вагонго элдер топтолду.

Улуган жок ит бир дагы.
Өзүнө тааныш караанды
Адамдай, ичтен тутанып
Акылдуу көздөр карады.

Вокзалдын турган оозунда
Чал айтат: - Таштап кеттиби?
Эх, кургур, короочусуң да...
Ким таштамак жакшы итти!

Түтүктөн түтүн чубалып,
Паравоз ачуу үн салып,
Өгүздөй жерди тепкилеп
Жөнөдү кою түн жиреп.

Вагондордо баратышты,
Чылым, күлкү, көңүлдөр ток...
Эчким сары короочу итти
Эстеген жок, ойлогон жок.

Билгени жок иттин ээси:
Жүрөк согуп элеп-желеп,
Күйгөн кызыл жарыкты ээрчий
Күйүгүп ит чуркап келет!

Мүдүрүлүп, кайра чуркай,
Ташка урунуп, жаны ачынган,
Жүрөк ыргып чыгуучудай
Оозунан чоң ачылган!

Сезгени жок иттин ээси:
Алдан тайып, бир учурда
Тосмого уруп ит чекесин,
Учуп түштү бир чуңкурга...

Жабышты өлүк карт дүмүргө...
Сен билбейсиң анын сырын:
Короочу ит ал бул өмүрдө,
Жүрөгү - анык асыл тукум!

Эдуард Асадов

Комментариев нет:

Отправить комментарий