...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


понедельник, 12 октября 2015 г.

Сен абдан жакшысың - билемин.
Мен сени эчкачан алдабайм.
Негедир жашырып келемин
Бир сөздү - мен сени сүйө албайм.
Мен катуу сүйгөмүн бөлөктү,
Мен ага өтө көп ишенгем.
Ар дайым өзүңдү өбөөрдө,
Аны мен ойлоном ичимден...

Николай Рубцов

Комментариев нет:

Отправить комментарий