Өзүмдү өзүм алдагым келбейт,
Өрчүдү зарым, өйүтүп жүрөк.
Эмне үчүн мени алдамчы дешет?
Эмне үчүн чырбаш атыгып жүрөм?
Өрчүдү зарым, өйүтүп жүрөк.
Эмне үчүн мени алдамчы дешет?
Эмне үчүн чырбаш атыгып жүрөм?
Каракчы эмесмин токойдо күткөн,
Түрмөдө адам аткан эмесмин.
Жолуккан жанга жылмайып күлгөн,
Жөн гана шайдоот бекерчи менмин.
Түрмөдө адам аткан эмесмин.
Жолуккан жанга жылмайып күлгөн,
Жөн гана шайдоот бекерчи менмин.
Маскөөнүн тентек бекерчисимин.
Шаардын бир бурчу болгон Тверде
Шамалдай жеңил басышым менин
Белгилүү ар бир жолбун иттерге.
Шаардын бир бурчу болгон Тверде
Шамалдай жеңил басышым менин
Белгилүү ар бир жолбун иттерге.
Көркөмсүз, көрксүз, чобур аттар да
Көргөндө мени баштарын ийет.
Мен жакшы досмун айбанаттарга,
Менин ырларым жүрөккө тийет.
Көргөндө мени баштарын ийет.
Мен жакшы досмун айбанаттарга,
Менин ырларым жүрөккө тийет.
Соксогой шляпа башка кийгеним,
Сулуулар жана сүйүү үчүн эмес,-
Аны кийгенде азыраак кейип,
Аттарды сүйүп, сулудан берем.
Сулуулар жана сүйүү үчүн эмес,-
Аны кийгенде азыраак кейип,
Аттарды сүйүп, сулудан берем.
Адамдар менен достук жок менде,
Ааламга бөлөк башымды ийгем.
Ар бир дөбөттүн мойнуна келет
Аземдүү делген галстугум илгим.
Ааламга бөлөк башымды ийгем.
Ар бир дөбөттүн мойнуна келет
Аземдүү делген галстугум илгим.
Ойлонуп эми, көп санаа тартпайм.
Оорулуу ойдон арылды жүрөк.
Ошого мени алдамчы атап,
Ошого элдер чырбаш деп жүрөт.
С.Есенин
Оорулуу ойдон арылды жүрөк.
Ошого мени алдамчы атап,
Ошого элдер чырбаш деп жүрөт.
С.Есенин
Комментариев нет:
Отправить комментарий