Элестетип чаар баканы кичине
Ойноп жүрөт көп балдардын ичинде.
Турсасына шымдап эски көйнөгүн,
Сары тармал чачын жайып, саксайып,
Оозу түйрүк, тиши кыйшык арсайып.
Ойноп жүрөт көп балдардын ичинде.
Турсасына шымдап эски көйнөгүн,
Сары тармал чачын жайып, саксайып,
Оозу түйрүк, тиши кыйшык арсайып.
Аталары эки теңтуш балага,
Сатып берди жаңы шайтан араба.
Бүгүн балдар түшкө чейин ызылдап,
Ага бербей тээп жүрдү короодо,
Ал артынан чуркап жүрдү тызылдап.
Сатып берди жаңы шайтан араба.
Бүгүн балдар түшкө чейин ызылдап,
Ага бербей тээп жүрдү короодо,
Ал артынан чуркап жүрдү тызылдап.
Башкалардын кубанычына кошулуп,
Чарчаганын билбей, жүрөк дүкү-дүк,
Бөлөнгөндөй бакытына жашоонун,
Күлүп жүрөт, жыргап жүрөт жүгүрүп.
Чарчаганын билбей, жүрөк дүкү-дүк,
Бөлөнгөндөй бакытына жашоонун,
Күлүп жүрөт, жыргап жүрөт жүгүрүп.
Ич күйдүүлүк, жаман ойду, арамды
Ныпым билбейт бул кичикей аруу жан.
Баары жаңы, баары кызык ааламда,
Баары жандуу бул кыз үчүн, баары шаң!
Ныпым билбейт бул кичикей аруу жан.
Баары жаңы, баары кызык ааламда,
Баары жандуу бул кыз үчүн, баары шаң!
Бир ой келет, көрсөм, ал кыз жөнүндө:
Убакыт өтүп, күндөрдүн күндөрүндө,
Анын жүзү арасында кыздардын
Серт экенин билип, чын го, сыздаары.
Каалар элем, жүрөк буюм эмес го,
Оюнчуктай, жүрөгү анын сынбасын!
Убакыт өтүп, күндөрдүн күндөрүндө,
Анын жүзү арасында кыздардын
Серт экенин билип, чын го, сыздаары.
Каалар элем, жүрөк буюм эмес го,
Оюнчуктай, жүрөгү анын сынбасын!
Каалар элем, жан-дүйнөдөн жалындап
Күйүп турган таза жалын андагы,
Кыйналуусун басып, баарын дарылап
Өрттөп салсын оор ойлордун калганын.
Күйүп турган таза жалын андагы,
Кыйналуусун басып, баарын дарылап
Өрттөп салсын оор ойлордун калганын.
Анын жүзү мейли сулуу болбосо,
Көңүлүңдөн мейли түнөк таппаса,-
Чагылдырат ар кыймылы, козголсо
Балалыктын кооз дүйнөсүн таптаза.
Көңүлүңдөн мейли түнөк таппаса,-
Чагылдырат ар кыймылы, козголсо
Балалыктын кооз дүйнөсүн таптаза.
Андай болсо, сулуулук бул эмине?
Эмнеге аны данктайт адам, жалынып?
Бул идишпи, ичи бопбош, көңдөй же
Идиштеги балбылдаган жалынбы?
Эмнеге аны данктайт адам, жалынып?
Бул идишпи, ичи бопбош, көңдөй же
Идиштеги балбылдаган жалынбы?
Николай Заболоцкий
Комментариев нет:
Отправить комментарий