Амансыңбы, менин кемпир-энекем?
Мен да аманмын. Менден сага чоң салам!
Нурун чачып сенин жыгач кепеңе
Курчап турсун ушул кечки сырдуу аалам.
Мен да аманмын. Менден сага чоң салам!
Нурун чачып сенин жыгач кепеңе
Курчап турсун ушул кечки сырдуу аалам.
Кат жазышат сен жөнүндө - мени ойлоп,
Санаа тартып, көп кайгырып жүрөт деп.
Кайра-кайра жолго чыгып, жол бойлоп,
Эски күрмө кийип алып, күтөт деп.
Санаа тартып, көп кайгырып жүрөт деп.
Кайра-кайра жолго чыгып, жол бойлоп,
Эски күрмө кийип алып, күтөт деп.
Кеч күүгүмдө тынчтык таппай көңүлүң,
Көп көрүнөт кандуу сүрөт көзүңө:
Мушташууда өчөт менин өмүрүм
Жүрөгүмө бычак сайып ким бирөө.
Көп көрүнөт кандуу сүрөт көзүңө:
Мушташууда өчөт менин өмүрүм
Жүрөгүмө бычак сайып ким бирөө.
Жок, асылым! Боло бербе бушайман.
Бул болбогон, кайдагы бир жаман ой.
Сени көрбөй өлбөйм, өлбөй жашаймын,
Ичсем дагы кээде күн-түн ойгонбой.
Бул болбогон, кайдагы бир жаман ой.
Сени көрбөй өлбөйм, өлбөй жашаймын,
Ичсем дагы кээде күн-түн ойгонбой.
Мен дагеле мурдагыдай сезилем
Кыялымда каалаган бир жан сырым -
Жепирейген тамыбызга тезинен
Жетсем деймин, сагынычым кандырып.
Кыялымда каалаган бир жан сырым -
Жепирейген тамыбызга тезинен
Жетсем деймин, сагынычым кандырып.
Мен барамын, жаз келгенде, бак-дарак
Бүчүр байлап калган кезде жанданып.
Тээ сегиз жыл мурдагыдай а бирок,
Ойготпочу аткан кезде таң жаңы.
Бүчүр байлап калган кезде жанданып.
Тээ сегиз жыл мурдагыдай а бирок,
Ойготпочу аткан кезде таң жаңы.
Ойготпочу сезимдерин өткөндүн,
Козгобочу кыялдарды кыйраган, -
Жаш кезимден кыйналууну көп көрдүм,
Жоготууну көрдүм жанды кыйнаган.
Козгобочу кыялдарды кыйраган, -
Жаш кезимден кыйналууну көп көрдүм,
Жоготууну көрдүм жанды кыйнаган.
Сыйынганды үйрөтпөгүн, сураныч.
Эски учурга кайра кайтып барбайбыз.
Өзүң гана мага жардам, кубаныч,
Өзүң гана сыйкыр нурсуң жапжалгыз.
Эски учурга кайра кайтып барбайбыз.
Өзүң гана мага жардам, кубаныч,
Өзүң гана сыйкыр нурсуң жапжалгыз.
Ошондуктан убайым жеп, үшкүрбө,
Көп кайгырба, көп кейибе мени эстеп.
Кийип алып эски күрмө үстүңө,
Кайра-кайра жолго чыкпа, келет деп.
С. Есенин
Көп кайгырба, көп кейибе мени эстеп.
Кийип алып эски күрмө үстүңө,
Кайра-кайра жолго чыкпа, келет деп.
С. Есенин
Комментариев нет:
Отправить комментарий