...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 26 сентября 2015 г.

Кудукта жаткан ак ташка окшоп,
Ичимде менин бир элес жатат.
Чыгара албайм, чыгарбайм жокко:
Ал - азап салат, ал - көңүл ачат.

Көзүмө менин тигилген адам,
Заматта аны байкаса керек.
Бул муңдуу сырды бирөөгө айтсам
Капалуу ойлор оп тартып кетет.
Кудайлар жанды өлтүрбөй туруп
Айлантып ташка салганын кара,
Кайгымды менин түбөлүк кылып.
Сен элес болуп калгансың мага.

Анна Ахматова

Комментариев нет:

Отправить комментарий