...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


вторник, 22 сентября 2015 г.

Асманга бир калыпта көтөрүлүп, учуп баратты... Ар дайым аны коштогон, эч качан ажырабаган, жалгыз досу болгон ойлору менен жалгыз калды.
Көпкөк асман. Эмнеден улам көк болду экен? Чексиз мейкиндик. Чексиздик. Денеден бошогон жандар ушинтип асманга учуп келишет тура. Ушундай бийиктиктен, убакыт менен, аралык менен ченелбеген түбөлүктүүлүктөн жерге көз чаптырып, өткөнгө көз чаптырып, адамзаттын өмүрүнө көз чаптырып, ой жүгүртүп жатты.
Байкуш адамдар. Алсыз адамдар. Сан жетпеген кыялдар кыйрап, каалоолор аткарылбай, ойлор ойрон болуп, сөздөр айтылбай, иштер жасалбай, убакыт менен, денесинин мүмкүнчүлүктөрү менен чектелип, айланасын курчаган жашоо агымынан чыга албай, ага кошулуп өзүнүн мүнөзүнө жараша, башкалардын таасири астында өзүн өзү чектеп, өзүн өзү алдап, убактысын өткөрүп жиберип өкүнүп, же өзүн сооротуп алдап, асманга учуп келишет тура.

Комментариев нет:

Отправить комментарий