Алыстан, сүйлөшүп турган кыздардын тобунда турган ага көз салып, аны өзгөчө сезип, башкалар көзгө көрүнбөй, анын кыймыл аракетин, көз-карашын, кабак-кашын, баарын баарын башкаларга билгизбей байкап, анын сүйлөп жатканын укканда, эмне жөнүндө экенине эмес, анын үнүнө көңүл буруп, ичи элжиреп, моокуму канып, жанына барып аны менен сүйлөшкүсү келет.
Ал кыз дагы аны ошондой өзгөчө көз караш менен карап жатканын байкап калганда, көздөр чагылыша түшкөндө күндү карап алгансып көзү уялып, денеси дүрт деп, жүрөгү дүкүлдөп, чоң бакытты сезгендей жаны магдырай түшүп, көзүн ала качат...
Комментариев нет:
Отправить комментарий