...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


понедельник, 24 октября 2016 г.

Сүйүү жөнүндө баллада


Жердин жүзүн каптаган боз топон суу
Жээкке кайтып келгенде эми гана,
Көбүгүнөн суурулуп көк толкундун
Көлкүп, Сүйүү таштады жерге кадам --
Аралашты абага бир мөөнөткө,
Ал мөөнөттү санасаң жетпейт санак...

Апендилер, андайлар да бар,
Ал абадан жутушуп алар,
Сыйлыкты да, жазаны да күтүшпөйт,--
Болгону мен дем алдым дешип,
Бир учурда бирге үндөшүп,
Бир башкача абалга алар түшүшөт.

Туюп турам, кеме суудагы,
Туруш керек калкып кыйлага,
Жашаганым, дем алуум дагы -
Жана сүйүүм - баары бир гана.

Тентиретет, кыдыртып көп жерлерди:
Сүйүү өлкөсү - улуу өлкө, талашсыз!
Сүйүү үчүн баарын кылчу эрлерди --
Сынайт, кыйнайт, күчтүү коюп талапты:
Сүйгөнүнөн алыстатып кээлерди,
Тынчын алып, уйкуларын таратып...

Кайтпайт артка бул адамдар элирген --
Кайыл болуп, даяр баарын берүүгө
Керек болсо кайра тартпайт өлүмдөн, --
Коргош үчүн, жолтоо кылып үзүүгө
Кудуреттүү жипти, көзгө көрүнбөс,
Курчап-чырмап, байлап турган сезимди.

Таза абага мас болушуп бул жандар,
Теңселишет, өлсө кайра жанданып,
Ал анткени, сүйүүдөн кур калгандар,
Жашашкан жок, жана да дем алган жок!

Тумчуккандар ширесине сүйүүнүн
Такыр укпайт -- канча аларга кайрылба,--
Келжиреген ушак, куру сөз үчүн
Канчалары кара жандан айрылган.
Келебиз биз эскерип, аза күтүп
Сүйүү үчүн өлгөндөргө кайгырып...

Рухтары алардын гүлзарларда,
А үндөрү кошулуп бир ыргакка,
Түбөлүктүү жашоодон дем алууда,
Өлбөстүккө жолугат -- деми менен --
Өтүп өтө кылтылдак көпүрөдөн,
Бул ааламдын кайчылаш тар жолунда,

Ашыктарга төшөймүн гүлдөрдү --
Ырдашсынчы түшүндө, өңүндө!
Дем аламын, демек мен сүйөмүн!
Мен сүйөмүн, демек мен тирүүмүн!

В. Высоцкий

Комментариев нет:

Отправить комментарий