...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


среда, 5 октября 2016 г.

Анна Ахматова

Тирүү турган жүрөгүмө
Тийди ачуу уу сөздөр.
Даярмын мен көтөрүүгө.
Дагы чыдайм, бу да өтөөр.

Бүгүн менде бир топ иш бар:
Бүт эсимди өчүрөм,
Жан-дүйнөмдү жаап таштап,
Жашоону кайра үйрөнөм.

Анткени... Ысык жайкы күн
Айнектен карайт жайдары.
Жарык күн менен жансыз үй
Жанашкан кезин байкадым.

Комментариев нет:

Отправить комментарий