Эдуард Асадов
Көңүлүң жок, суз болгондо маанайың,
Көрүнгөндү жекип, жиниң кайнаса,
Сен билбейсиң, кандай түйшүк саларың,
Сен билбейсиң, кандай азап-кайгысың.
Көк асмандай ачык кезде көңүлүң,
Көкүрөктөн жарык, сүйүү төгүлүп,
Сен билбейсиң, сен ырыcың өмүрдүн,
Сен билбейсиң, сен бакыттын өзүсүң!
Комментариев нет:
Отправить комментарий