Кечир,
унут,
унут,
күнөөлөбө.
Каттарды өрттө
көпүрөдөй.
Жолуңду ула, мүңкүрөбө,
жолуң болсун түз, жөнөкөй.
Караңгыда бир сен үчүн
жанып турсун сан жылдыздар,
коломтоңдо жарык күйүп
үмүт турсун жан жылытар.
Кардуу бороон,
жамгыр төксүн,
алоолонуп от да күйсүн,
алдыда көп ийгиликтер
менден мурда сени күтсүн.
Көөдөнүңдө күркүрөгөн
күрөш жүрсүн албуут, көркөм.
Жандап сени, бирге жүргөн,
жандар үчүн мен сүйүнөм.
Иосиф Бродский
Комментариев нет:
Отправить комментарий