С. Есенин
Кызгылт тарткан көлмө үстүндө топтошуп
Алтын түстүү жалбырактар айланат,
Кубалашкан көпөлөккө окшошуп
Кылкылдашып, жылдызга учат, жай гана.
Ашык болдум ушул кечке мен бүгүн,
Алтын өрөөн орун алды жүрөктөн.
Ак кайыңдын тартып-чоюп көйнөгүн
Адыраңдап бала-шамал жүдөтөт.
Өрөөндү да, өзүмдү да суук каптап,
Күңүрт күүгүм короо койдой жымырайт,
Жымжырт бактын эшигинде булактап
Жылаажыны бир токтойт да, бир ырдайт.
Мен эч качан азыркыдай берилип
Маани берип өз денемди укпагам,
Мажүрүм тал бутагындай ийилип,
Мөлтүр кызыл сууга чумкуп чыксам, аа.
Ах, жымыңдап, үймөк чөптү жаздана,
Ай жүздөнүп, тал чөптү алып чайнасам...
Баарын сүйгөн, каалаганы аз гана,
Бактым менин, мемиреген, кайдасың?
Кызгылт тарткан көлмө үстүндө топтошуп
Алтын түстүү жалбырактар айланат,
Кубалашкан көпөлөккө окшошуп
Кылкылдашып, жылдызга учат, жай гана.
Ашык болдум ушул кечке мен бүгүн,
Алтын өрөөн орун алды жүрөктөн.
Ак кайыңдын тартып-чоюп көйнөгүн
Адыраңдап бала-шамал жүдөтөт.
Өрөөндү да, өзүмдү да суук каптап,
Күңүрт күүгүм короо койдой жымырайт,
Жымжырт бактын эшигинде булактап
Жылаажыны бир токтойт да, бир ырдайт.
Мен эч качан азыркыдай берилип
Маани берип өз денемди укпагам,
Мажүрүм тал бутагындай ийилип,
Мөлтүр кызыл сууга чумкуп чыксам, аа.
Ах, жымыңдап, үймөк чөптү жаздана,
Ай жүздөнүп, тал чөптү алып чайнасам...
Баарын сүйгөн, каалаганы аз гана,
Бактым менин, мемиреген, кайдасың?
Комментариев нет:
Отправить комментарий