...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 8 октября 2016 г.

Марина Цветаева

Кызарып күйдү
Кызыл шак четин.
Жалбырак күүлдү.
Жарыкка келдим.

Коңгуроо доошу
Кулакты жарган.
Ишемби болчу:
Кудайчыл Иоанн.

Казыр да менин
Келет кемиргим
Кызыл четиндин
Кычкыл жемишин.

Сентябрь 1916

Комментариев нет:

Отправить комментарий