...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


воскресенье, 26 июня 2016 г.

Көктү карап, бир Кудайга сыйынып
Көндүм токтоо, бейпил өмүр сүргөнгө,
Көкүрөктү эзген санаам тыйылып,
Кеч кирерде көпкө басып жүргөнгө.


Куураганда төө жалбырак шуудурап
Кызгылт тартып, соолуп четин мөмөсү,
Бул учурда данктайм шаңдуу ыр курап
Бул жалганды, керемети түгөнгүс.


Үйгө кайтсам уяң жүндүү мышыгым
Алаканым жалап, назик мыйоолойт,
Көл жээктеги тактай зооттун учунан
Көзгө урунат жаркыраган кызыл от.


Кээде бузуп бейпилдигин талаанын
Илегилек үн чыгарат чатырдан,
Сезип турам, сени укпай калаарым
Секин кагып эшигимди, чакырсаң.


Анна Ахматова, 1912

Комментариев нет:

Отправить комментарий