Боз шамал, ак жаан, мунарык
Боз чалып, муздак суу үстү.
Баарга чейин тынч алып,
Баарынын ичээр суу бүттү.
Мен жалгыз. Дача. Суук күчөп,
Мольберттен кара нур түшөт.
Кечээ сен болдуң жанымда,
Кызыксыз дүйнөм сен үчүн.
Көрүнө түштүң жарымдай,
Кечинде жаандуу ал күндүн...
Кайыр кош, эми! Мен жарсыз
Күтөмүн жазды - жапжалгыз...
Бүгүн да тынбай өтүүдө
Баягы булут тизмеги.
Басылып сууга, өчүүдө
Баскычта калган издериң.
Кейиймин, келбей карагым
Кечинде кирсе караңгы.
Кыйкыргым келген артыңдан:
"Кымбатым, кайрыл, кайра кел! "
Өткөнгө аял кайрылбайт:
Өзгөсүң - сүйбөй калса эгер.
Эмне дейм! Ичем, от жагып...
Эми алсам окшойт ит багып.
Иван Бунин
<1903>
<1903>
Комментариев нет:
Отправить комментарий