Азап тартып, алапайым табалбай,
Ачуум келип, ооруп турсам, мүңкүрөп,
Суук көзүм, уу сөзүмө карабай,
Суранамын, сүйгүн мени күчтүүрөөк!!!
Үн-сөзүм жок, жаш кылгырып көзүмдөн,
Үйдөн чыгып кетишиңди кааласам -
Айтпа мага: "Антпе, карма өзүңдү..."
Анан дагы, менден көөнүң калбасын...
Чыкчырылып, сөзүм тийсе ок болуп,
Чындыгымды далилдейм деп күч үрөп -
Суутпастан көңүлүңдү, токтолуп,
Суранамын, сүйчү дагы күчтүүрөөк!!!
Ичке катпай, сага айтканым санаамды -
Ишеничим сага болгон деп түшүн...
Ырым дайым куунак кылбайт маанайды,
Ырым кээде кастын суутат дем-күчүн...
Мен ушундай жаман жорук кылсам да,
Мээримиңди мындан да көп төгүп өт...
Майда адамдар чыккынчылык кылганда,
Суранамын, сүйгүн мени көбүрөөк!
Эгер сенин кайгы кыйнап жаныңды
Эч нерсеге көңүлүң сенин толбосо,
Билип койгун, мен ар дайым жакынмын,
Жаныңдамын кандай мүшкүл болбосун!
Сен да кээде кыйкырасың ачуулуу...
Сага үйрөтпөйм мындай болуп жүрчү деп...
Бирок эгер жаңылышсаң жашоодо,
Мен жаныңда, сүйөм дагы күчтүүрөк...
Ирина Самарина
Комментариев нет:
Отправить комментарий