...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


воскресенье, 2 сентября 2012 г.

Ачуу чындык

Өлөөрүң чын. Өмүрдөн өтөөрүң чын,
Өлчөнгөн өмүр суунун түбүнө жетээриң чын.
Өңгүрөп ыйласаң да, өзгөчө жыргасаң да, 
Өксүктө калып бир күн, түбөлүк кетээриң чын.

Жаштык чын. Жалындуу жаштык күчүн сезээриң чын,
Жаш курак өткөн кезде, кыбырап карылык күн кечээриң чын.
Жалынып ыйласаң да, жагымдуу жылмайсаң да,
Жан алгыч Азрейил жаныңды алуу үчүн келээри чын.
Чындык ачуу- уккуң келбейт, көргүң келбейт,
Жалганда өзүңдү алдап, түбөлүк жашоону эңсеп, өлгүң келбейт.
Жакының кайтыш болсо, жерге өзүң көмөөрүңдү билсең дагы,
Чычалап моюн толгоп, эстегиң, билгиң келбейт.
Капилет колдон учса жалтырак дүнүйө мал,
Кабакты карыш түйүп, кайра аны таппачудай кайгырабыз.
А бирок чындык ушул, каалаба, кааласаң да,
Кан жута, эң жакын адамдан да айрылабыз.
Ошондо ойлонорсуң. Ойгонорсуң, умачтай көз ачылар,
Өмүр жол тасма сымал, көз алдыңа тартылар.
Онтойсуң, өкүрөсүң, боздойсуң, көздөн жаш чыгар,
Өзөгүң өрттөп кайгы, муун-жүүнүң бошойт, калтырап...
Ошондой учур келсе бардыгын түшүнөсүң,
Жашоонун чын максатын, маңызын издеп ой жүгүртөсүң.
Көз жоосун алган алтын- күмүштөр, жасалгалар,
Көксөгөн өмүр бою бийлик да, байлык дагы унут калар.
Адамдын бул дүйнөдөн алаары эмне?
Артында ар адамдын калаары эмне?

Комментариев нет:

Отправить комментарий