Таяке-таежелеримдин бары тең эле аябай күлдүрүп сүйлөшөт, бирок бирөө аябай куудул. Ар кимди да жакшы туурайт. Ошол тайкемдин бир жоругун айтып берейин.
Айтта биздикине конокко келатып, базардан жаңы шым сатып алмак болот. Сатуучу келин:
- Сиздей кишилерге мынабул шым ылайыктуу,- десе, таякем:
- Мен киши эмесмин, баламын,- деп коёт дейт.
Тиги келин түшүнбөй:
- Кишидей эле көрүнүп атасыз го!?,- десе:
-Жоок, мен баламын!,- деп коёт дейт, серьезный болуп. Келин унчукпай калды дейт, тымызын жылмайып.
Шымды кийип көрүп, кийип алып сатуучу келинге минтет дейт:
- Эмии, мындай кылалы. Мен алыс жакка конокко бараттым эле. Ушул шымды кийип алайын. Акчам жок. Кайра келатканда акчасын берем. Келин:
- Жоок, болбойт,- деп жылмаят.
- Шымды болсоо кийип алдым. Ордуна эски шымды таштап коюп кете берейин..
- Кой, коюңуз андай болбойт,- дейт сатуучу.
Мейли, акчасын берейин деп берип атып:
- Бирок, мени "киши" дегениң үчүн 100 сомун кем берем!,- деп күлдүрүптүр. Сатуучу келиндин боору эзилип, макул болуптур.
Таякем өзү да интермедия аткарып аткансып, сонун интонация менен сүйлөйт )
Муну жанында жүргөн таежем айтып берип атпайбы. Ал да жөн айтпай:
- Чачынын аппак болуп калганы менен иши жок, "баламын" деп коёт, уялбай, -деп күлдүрдү.. )))

***
Ошол тайкем карагат терип, базарга барып сатып калыптыр. Бирөө келип, алам деп:
- Кел, флягасын 900дөн бер,- деп жабышып калыптыр. Анда тайкем:
- Кой эй, муну мен тээ тоодон кекиликтей болуп алты баламды багам деп, күндө Кудайдан күн жаабаса экен деп тилеп атып атайын терип келсем 900сом дейсиң да,- деп сүйлөп атып 1000ден өткөрүптүр )

Комментариев нет:
Отправить комментарий