...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 4 августа 2012 г.

Напси

Кабакты карыш түйүп, чаалыгып, мен күйүгүп,
Антсе да сыр билдирбей, сыртымдан кээде күлүп.
Чабандес бала болуп, Напсимди минип күлүк, 
Келатам чоң жарышта, чамынып билек түрүп.
Алкынган азоо болуп, ансайын ээ-жаа бербей,
Кайдадыр алып качат, кыйналам алым жетпей.
Кош колдоп кыл чылбырды, карыша кармап бекем,
Жыгылып жолдо калбай, марага жетсем экен..

Комментариев нет:

Отправить комментарий