...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


вторник, 7 августа 2012 г.

Кыялданам

Кыялданам. Кыялымда баш кошобуз,
Кубанычка бөлөп назик көңүлдү.
Бойдоктук кез. Биз ал менен коштошобуз,
Бирге жашап өткөрсөк деп өмүрдү.
Баары келет – жакын достор, туугандар,
Бизге айтат каалоолорун жүрөктөн.
Бактылуубуз – көктө каалгып тургандай,
Ак сүйүүбүз оргуштайт көкүрөктөн.
Кереги жок. Сөз айтуунун кереги жок,
Каректерге тигилишет каректер.
Бул мүнөттөр – бактылуулук ченеми жок.
Бул мүнөттөр – биздин кымбат белектер..

Комментариев нет:

Отправить комментарий