Күтпөгөн жерден жаап кирсе жамгыр себелеп,
Күбүрөп сүйлөп, сөкпөгүн жаанды жемелеп.
Көңүлдү бөлүп табийгат кубулушуна
Көз артып суктан, карачы кандай керемет!
Күбүрөп сүйлөп, сөкпөгүн жаанды жемелеп.
Көңүлдү бөлүп табийгат кубулушуна
Көз артып суктан, карачы кандай керемет!
Капилет жерден көчөдө калсаң бороондо,
Кашыңды түйө, каарыңды төкпө, ороңдоп.
Караңгы ойлор тумандай учуп кетти деп
Көз чаптыр сергек, көтөрүп жакаң кой оңдоп.
Кашыңды түйө, каарыңды төкпө, ороңдоп.
Караңгы ойлор тумандай учуп кетти деп
Көз чаптыр сергек, көтөрүп жакаң кой оңдоп.
Жөө калсаң кокус талаада жайкы аптапта,
Жабыкты жан деп, жаман бир ойду каптатпа.
Жайкы күн турат береке чачып, нур чачып,
Алты-сан аман, - кадамды шилте бат-баттан.
Жабыкты жан деп, жаман бир ойду каптатпа.
Жайкы күн турат береке чачып, нур чачып,
Алты-сан аман, - кадамды шилте бат-баттан.
Жашооңдо келсе желесин жайып оорчулук,
Жан досуң да жок, жардамга келчү кол сунуп.
Кайгырба ага. Күнүмдүк мындай сыноолор,
Күч-кубат берет койнуңа сенин толтуруп.
Жан досуң да жок, жардамга келчү кол сунуп.
Кайгырба ага. Күнүмдүк мындай сыноолор,
Күч-кубат берет койнуңа сенин толтуруп.
Комментариев нет:
Отправить комментарий