Дале эсимде сыйкырдуудай көз ирмем:
Көз алдыма келди сенин элесиң,
Көрүмчүдөй, кайып болгон тезинен,
Сулуулуктун даанышманы белемсиң.
Көз алдыма келди сенин элесиң,
Көрүмчүдөй, кайып болгон тезинен,
Сулуулуктун даанышманы белемсиң.
Үмүт өчүп, мен кайгыга малынып,
Түпөйүлдүк курчаганда жер бетин,
Назик үнүң кулагыма жаңырып
Түшкө кирди сенин сүйкүм келбетиң.
Түпөйүлдүк курчаганда жер бетин,
Назик үнүң кулагыма жаңырып
Түшкө кирди сенин сүйкүм келбетиң.
Жылдар өттү. Баш ийбестик бороону
Мурда эңсеген кыялдарды айдады,
Мен унуттум таттуу үнүңдү, обонду,
Ажарыңды, суктанчудай ай дагы.
Мурда эңсеген кыялдарды айдады,
Мен унуттум таттуу үнүңдү, обонду,
Ажарыңды, суктанчудай ай дагы.
Караңгылык түрмөсүндөй тынчтыкта
Өтүп жатты жайбаракат күндөрүм
Эргуу да жок, Теңирим да унчукпай,
Көз жаш, күлкү, сүйүүсү жок күн көрдүм.
Өтүп жатты жайбаракат күндөрүм
Эргуу да жок, Теңирим да унчукпай,
Көз жаш, күлкү, сүйүүсү жок күн көрдүм.
Жан дүйнөмө жарык келди, ойгонду:
Мына, кайра көз алдымда элесиң,
Закымдаган көрүмчү деп ойлодум,
Же сулуулук даанышманы белемсиң.
Мына, кайра көз алдымда элесиң,
Закымдаган көрүмчү деп ойлодум,
Же сулуулук даанышманы белемсиң.
Жүрөк согот ырахатка бөлөнүп,
Баары кайра жанданышты ал үчүн
Кудайым да эргүүм көктөп- көгөрүп,
Жашоо, көз жаш, сүйүү жумшап бар күчүн.
Баары кайра жанданышты ал үчүн
Кудайым да эргүүм көктөп- көгөрүп,
Жашоо, көз жаш, сүйүү жумшап бар күчүн.
Комментариев нет:
Отправить комментарий