...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 28 июля 2012 г.

Апам келгенде

Жаным жыргап, маанайым ачык. Короодо күн тийип жаркырап турат. Эшиктин алдында отурабыз. 
Апама бирөөнү туурап, кучуңдап күлдүрүп атам. Апам мээримдуу карап, үнүн чыгарбай акырын күлүп атат. "Баары ушундай эле болсо" дейм ичимен. 
Бир маалда, шарт эсиме бирдеме түшкөндөй тып токтоп калам. "бул жерде бир нерсе туура эмес" деген ой келет. "эмне бул?"- деп ойлонуп калам. Эки жакты карайм.
Анан, эстеп кетем: "апам жок эмес беле" деп...
Ойгонуп кетем...

Мындай түштөрдөн кийин, токтоно албай, шолоктоп ыйлайм. Оозум, беттерим тырышкансып, чымырайт. "Апамдын арбагы келди. Бетимди сылагылап жатат" деп ойлоп коём...

---(эртеси)
Туугандардыкында дасторкондо отурабыз. Апам айтат:"***тын балдары (менин балдарыма окшоп) жакшы окуганда, эмгиче чоң атасына жардам берип, тың болуп кетмек дейт. Менин балдарым деле, үйлөнүп алса, төртөө болуп, тың болуп кетет." мага карап:"ээ, балам? Үйлөнөсүңбү? Кана минтип экиге эки дечи",-деп эки сөөмөйүн көрсөтөт. Мен туугандардан тартынып, "ооба" дегендей баш ийкеп, жылмайып тим болом да, бир саамдан кийин эки сөөмөйүмдү көрсөтүп:"экиге эки!" дейм. Бул биздин өзүбүз гана түшүнгөн тамашабыз экен. Апам жылмаят. Мен да, кандайдыр бир оор ишти унуткандай, жылмаям. Кайрадан ичимден ойлоном:"бизде жоготуу болду эле..кимди жоготтук эле?..." Бир туугандарымды бирден түгөлдөйм. Апамды жоготконубузду кайра эстей калам.
Жүрөгүм сыгыла ойгонуп кетем...

Комментариев нет:

Отправить комментарий