...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


вторник, 4 сентября 2012 г.

Билип туруп адашабыз

Акылмандар дүйнөдөн жашап өткөн,
Артында калтырышып накыл сөздөн.
А бирок биз аларды билип туруп, 
Адашабыз ак жолдон ал көргөзгөн.

Билбей кылсак мейли эле катачылык,
Бирок билип жасайбыз жаман кылык.
Башыбыздан өтпөсө түшүнбөйбүз,
Баалуу асыл сөздөрдү барксыз кылып.
Жаш кезде көп кетирип жаңылыштык,
Жалын оттой күйгүзөт жаштык-мастык.
Жашоо чиркин башталса кайра баштан,
Жашаар белек бир жанга да кылбай кастык.
Эмне жакшы, эмне жаман түшүнөбүз,
Эмнеге анан адашабыз, өкүнөбүз?
Эркибизге ээ болбой, алсыз болуп,
Пенде болуп жаралуубузбу, күнөөбүз?..

Комментариев нет:

Отправить комментарий