Олтурган айым терезенин жанында,
Мырза кирди ал олтурган вагонго.
- Үйбүлө курган,- деген ой келди айымга,
Мырза ойлоду: - Отуз бештерге толгон го..
Мырза кирди ал олтурган вагонго.
- Үйбүлө курган,- деген ой келди айымга,
Мырза ойлоду: - Отуз бештерге толгон го..
Сыртта болсо гүлгө толгон жаз айы,
Түш көргөндөй эң сонун болгон күн эле.
- Сулуу экен,- деп ойлоду ал айым,
Мырза ойлоду: - Татына экен тим эле!
Түш көргөндөй эң сонун болгон күн эле.
- Сулуу экен,- деп ойлоду ал айым,
Мырза ойлоду: - Татына экен тим эле!
Жашоодо, бирок, ушундай болот ар дайым,
Ордунан туруп, перронго мырза бут койду...
- Аттиң ай!,- деп ойлоп алды ал айым.
Ойлонуп ичтен, мырза да : -Аттиң!-деп койду,
Кулакка салып сүйүктүү ыр "Вальс-Бостонду".
Ордунан туруп, перронго мырза бут койду...
- Аттиң ай!,- деп ойлоп алды ал айым.
Ойлонуп ичтен, мырза да : -Аттиң!-деп койду,
Кулакка салып сүйүктүү ыр "Вальс-Бостонду".
- Жалгызмын...- деп ойлоду айым өзүнчө.
- Жалгызмын...- деп ойлоду мырза өкүнө.
- Жалгызмын...- деп ойлоду мырза өкүнө.
Комментариев нет:
Отправить комментарий