...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


пятница, 7 сентября 2012 г.

Чунак кыз - ЭДУАРД АСАДОВ.

Бирөөлөр аны эси жок дешет. Көргөзбөй,
Сөөмөйү менен чыкыйын чукуп, таңгала.
Башкалар айтат: - Канбийке, боюн көтөргөн,
Үчүнчүлөргө - "узун көк байпак", жөн гана.

Чымчыктар деле түгөйү менен учат да,
Жан дүйнө деген башка бир жанга ашыгат.
Кинодон чыгып, кыздарды балдар узатса,
Бул болсо жалгыз үйүнө чуркап, шашылат.
Кыштар, жайлар чынжырдай болуп чубалып,
Биринен сала бири өтөт, токтоп турушпай.
Курбу кыздары, болбосо дагы чырайлуу,
Карасаң, алар чыгышкан эчак турмушка.
Баары айтат ага: - Убактың келди, карагын,
Жигиттер күтпөйт, билип кой! - жешет кулагын-
Минтип жүрсөң күйөөгө тийбей каласың!
Отузга мына жакындап калды курагы...
Чын эле сага жаккан жокпу бирөө да?
Кыялга батып, көздөрүн кадайт, умсунат:
- Жаккандар болду. А бирок андан не пайда?
Унчукпастан, таңданып ийнин куушурат.
Деги өзү кандай сүйүүнү күтүп жүрдү экен?
Кыйкырсам дейт ал: "Жылдыздай жааган сүйүүнү!
Жылдыздай сулуу! Асмандай бийик жана кең!
Сүйүүнү андай таппасам мен жер бетинен,
Кереги да жок башка жалган сүйүүнүн!"

Комментариев нет:

Отправить комментарий