Сүйүү деген - алуу эмес, бул берүү.
Сүйүү деген - сезимдерге чөмүлтүү,
Кубандырып жакшы көргөн бирөөнү
Жазда кирип, ашып-ташкан суу өңдүү.
Сүйүү деген - сезимдерге чөмүлтүү,
Кубандырып жакшы көргөн бирөөнү
Жазда кирип, ашып-ташкан суу өңдүү.
Сүйүү деген - көздү ачып эртең менен
Тосуп алуу, ойлонуп, аткан таңды:
Эмне берем, кубантам эмне менен,
Адамымды мен сүйгөн, асыл жанды?
Тосуп алуу, ойлонуп, аткан таңды:
Эмне берем, кубантам эмне менен,
Адамымды мен сүйгөн, асыл жанды?
Сүйүү деген - жалындап согуш кечүү
Сүйүүң үчүн сөз менен, көзүң менен,
Дайым бирге жүрөктөр согуш үчүн
Ачуу- таттуу күндөрдө эчендеген.
Сүйүүң үчүн сөз менен, көзүң менен,
Дайым бирге жүрөктөр согуш үчүн
Ачуу- таттуу күндөрдө эчендеген.
Сүйүү өзү күтөбү? Албетте!
Күтөт назик, жылуу сезим келет деп,
Бирок сүйүү жазып турбайт эсептеп:
Мынча бердим, мага мынча берет деп.
Күтөт назик, жылуу сезим келет деп,
Бирок сүйүү жазып турбайт эсептеп:
Мынча бердим, мага мынча берет деп.
Сүйүү деген - кутуча эмес шкафтагы.
Сүйүү ыры токтоп калбайт бир жерде.
Сүйүү деген - бул кубануу, ааламдагы
Болуп жаткан бардык жакшы нерсеге.
Сүйүү ыры токтоп калбайт бир жерде.
Сүйүү деген - бул кубануу, ааламдагы
Болуп жаткан бардык жакшы нерсеге.
Сүйүү деген - көрүп ар бир нерсени,
Сүйгөнүңдү эстеп туруу ар дайым:
Мына китеп - бул китепти ал билеби?
Мына алмурут... Жактырабы ал даамын?
Сүйгөнүңдү эстеп туруу ар дайым:
Мына китеп - бул китепти ал билеби?
Мына алмурут... Жактырабы ал даамын?
Бул болбогон куру сөзбү? Эмнеге?
Бир тамчы суу сактайт кээде өмүрдү.
Сүйүү деген - бакыт туусу, желбиреген,
Бакыт үчүн жашырба, айт сөзүңдү!
Бир тамчы суу сактайт кээде өмүрдү.
Сүйүү деген - бакыт туусу, желбиреген,
Бакыт үчүн жашырба, айт сөзүңдү!
Сүйүү - жалаң күчтүү сезимдер эмес.
Сүйүү - колдор ишенимдүү, жашоодо,
Кайгылуу күн келсе сүйүү кебелбес,
Коркпойт эч ал эркелөө же алыстоодон.
Сүйүү - колдор ишенимдүү, жашоодо,
Кайгылуу күн келсе сүйүү кебелбес,
Коркпойт эч ал эркелөө же алыстоодон.
Сүйүү деген - чындыкты коргоп калуу,
Бүткүл аалам каршы чыгып жатса да.
Сүйүү деген - бардыгын кечире алуу
Эки жүздүү, саткындардан башкасын.
Бүткүл аалам каршы чыгып жатса да.
Сүйүү деген - бардыгын кечире алуу
Эки жүздүү, саткындардан башкасын.
Сүйүү деген - канча ирет болсо да
Башка түшкөн жоготууга кебелбейт,
Бирок, такыр - ажал башка келсе да,
Кемсинтүүгө, басынтууга жол бербейт!
Башка түшкөн жоготууга кебелбейт,
Бирок, такыр - ажал башка келсе да,
Кемсинтүүгө, басынтууга жол бербейт!
Сүйүү деген - кооздук эмес, көркөмдүү,
Жемелөө эмес, сай-сөөгүңдү сыздаткан.
Сүйүү деген - ээси болуу өнөрдүн,
Ал - чоң өнөр, жан-дүйнөнү жыргаткан.
Жемелөө эмес, сай-сөөгүңдү сыздаткан.
Сүйүү деген - ээси болуу өнөрдүн,
Ал - чоң өнөр, жан-дүйнөнү жыргаткан.
Бардык ойлор чачырашат. Сезимдер да
Кумга сиңген суудай болуп жоголушат.
Убактылуу көңүл ачуунун чеги бар.
А сүйүү болсо, күнгө окшоп, дайым жашайт!
Кумга сиңген суудай болуп жоголушат.
Убактылуу көңүл ачуунун чеги бар.
А сүйүү болсо, күнгө окшоп, дайым жашайт!
Шылдыңдап күлө берсин, көңүл бурбайм
Жылдыздай бийиктикти билбес адам.
Бул ыр-саптар арналат адамдарга,
Чын жүрөктөн сүйө алган, ишене алган!
Жылдыздай бийиктикти билбес адам.
Бул ыр-саптар арналат адамдарга,
Чын жүрөктөн сүйө алган, ишене алган!
Комментариев нет:
Отправить комментарий