...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


вторник, 11 сентября 2012 г.

Эдгар Аллан По - Аннабел Ли

Бул окуя көп жыл мурун болгон эле,
Өлкөсүндө деңиздердин,
Кыз жашачу, балким аны билсең керек
Анын аты Аннабел Ли; -
Ал жашачу жалгыз гана сүйүү менен
Мен сүйчүмүн, ал да мени.
Мен бала элем, ал секелек,
Өлкөсүндө деңиздердин,
Сүйүүдөн да күчтүүрөк биз сүйчү элек -
Мен жана Аннабелим -
Ал сүйүүнү Асмандагы периштелер
Кызганышчу андан, менден.
Мына ушул себептерден, көп жыл мурда,
Өлкөсүндө деңиздердин,
Сокту шамал, чыгып түнкү булуттардан
Ооруп калды Аннабелим;
Кадыр-барктуу туугандары келишти да
Аны менден алып кетти,
Жашырууга салып аны табытка,
Өлкөсүнө деңиздердин.
Периштелер, бул бакыттын жарымын да сезбеген,
Экөөбүзгө жинденишти; -
Ооба! ушул себеп менен (баары билген,
Өлкөсүндө деңиздердин)
Булуттардан учуп келген шамал тийген
Анан, өлгөн Аннабелим.
Биздин сүйүүгө жетпейт сүйүүлөрү
Бизден улуу кишилердин -
Бизден көптү билгендердин -
Периштелер Асмандын үстүндөгү
Жин-шайтан да деңиздин түбүндөгү
Бөлө алышпайт жүрөгүмдү такыр менин
Жүрөгүнөн супсулуу Аннабелдин: -
Ай нурун төгүп турса, түшүмө дайым кирет
Татынам Аннабел Ли;
Жылдыздар жаркыраса, көздөрүн элестет
Татынам Аннабелдин;
Толкундуу түн болгондо мемиреп жата берем
Кымбатым, асылымдын, жашоомдун, жакынымдын жанында мен
Табытында деңиздин жээгиндеги -
Мүрзөсүндө деңиздин жээгиндеги.

Комментариев нет:

Отправить комментарий