Бирге туруп бука менен арстан,
Бир нерсени талкуу кылып атышкан.
Бир убакта телефон чалып арстанга:
Бат кел, күтөм, - деп аялы айтканда,
Баратам,-деп, даярданды кайтканга.
Бир нерсени талкуу кылып атышкан.
Бир убакта телефон чалып арстанга:
Бат кел, күтөм, - деп аялы айтканда,
Баратам,-деп, даярданды кайтканга.
Бука ага боорун тырмап каткырды:
"Бас да жаагын, угасыңбы катынды?
Башка чыгат аялга ийсең башыңды."
Бир өзгөчө сыймык менен тик карап,
Букага арстан мындай деген кеп салат:
"Бас да жаагын, угасыңбы катынды?
Башка чыгат аялга ийсең башыңды."
Бир өзгөчө сыймык менен тик карап,
Букага арстан мындай деген кеп салат:
"Билип жүргүн, бука антип өкүрбөй,
Башкаларды көрө бербе өзүңдөй.
Баалабаган кереги жок буюмдай,
Баш кошконуң сенин үйдө уюң да.
Басса-турса жандап, жүрөк сүйүнгөн,
Барктуу арстан аялым бар үйүмдө."
Башкаларды көрө бербе өзүңдөй.
Баалабаган кереги жок буюмдай,
Баш кошконуң сенин үйдө уюң да.
Басса-турса жандап, жүрөк сүйүнгөн,
Барктуу арстан аялым бар үйүмдө."
Бул тамсилдин бизге берчү сабагы:
Баалап, барктап, жубайыңды карагын.
Бука болсоң арстанга өзүң теңебе,
Бардык жерде бар букадай немелер...
Бирок да бар чыныгы шер арстандар,
Буканы укпай, өз жубайын кастарлайт.
Баалап, барктап, жубайыңды карагын.
Бука болсоң арстанга өзүң теңебе,
Бардык жерде бар букадай немелер...
Бирок да бар чыныгы шер арстандар,
Буканы укпай, өз жубайын кастарлайт.
Комментариев нет:
Отправить комментарий