...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


воскресенье, 1 ноября 2015 г.

Алсыздык

Көзүм тойбой, сугум артып деңизге,
Турам каккан казык өңдүү, жээгинде...
Турам, учуп кеталбай көк мейкинге,
Туңгуюкта, асман-жердин чегинде.
Баш ийемби же төңкөрүш кыламбы,
Өлүүгө да жашоого да эрк жетпейт...
Сыйына албайм - сезсем дагы Кудайды,
Сүйүү эңсейм - бирок сүйүү эч келбейт.
Күндү карап, күнгө созом колдорум,
Көшөгөсү ак булуттун ачылбайт...
Мен чындыкты билем деген ойдомун -
Бирок аны айтууга сөз табылбайт.

Зинаида Гиппиус

Комментариев нет:

Отправить комментарий