...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


понедельник, 2 ноября 2015 г.

Каалоолорум артта калды,
Кыялдарым жакпай калды;
Акырында бопбош жанды
Азап гана курчап алды,

Кыйрап калды күчтүү кезим
Катаал турмуш бороонунда -
Кайгы басып, жалгыз сезем,
Күтөм өмүрдүн соңун да.
Кеч күз суугу калтыратып,
Кышкы ызгаардай үн чыгарат,
Жалгыз калган жалбыракты
Калдастатып, үшүн алат!..

А.С. Пушкин

Комментариев нет:

Отправить комментарий