Бар байлыгым мен сага бере алган,
Бергим келген өзүңө миң кайталап -
Жазган ушул төрт сап ыр сага арналган,
Жана дагы Ак сүйүү! Ыр... Махабат...
Бергим келген өзүңө миң кайталап -
Жазган ушул төрт сап ыр сага арналган,
Жана дагы Ак сүйүү! Ыр... Махабат...
Жашоо жиби капыстан чырт үзүлсө,
Жүз кылымдын болсо да чордонунан
Сөзсүз издеп тапмакмын нур жүзүңдү,
Чырмалышкан убакыт жолдорунан!
Жүз кылымдын болсо да чордонунан
Сөзсүз издеп тапмакмын нур жүзүңдү,
Чырмалышкан убакыт жолдорунан!
Көз ирмемде жашоо оту тутанып,
Ал көз ирмем камтыса миң жылдарды.
Сенин жүзүң көрүп, тосом кубанып,
Чексиздикти, ар бир жаңы таңдарды!
Ал көз ирмем камтыса миң жылдарды.
Сенин жүзүң көрүп, тосом кубанып,
Чексиздикти, ар бир жаңы таңдарды!
Максим Рендино
Комментариев нет:
Отправить комментарий