...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


пятница, 20 ноября 2015 г.

Жолунан жексур арамдын
Жолугуп сакчы кыраакы
Жөн жайын тактап сурады.
Жөн жүрбөс, канкор, мыкаачы
Мындайда карап турабы,
Маңдайга такап куралын
Машаны басты нече ирет -
Мүрт кетип, сакчы сулады.
Жалп этип өчтү чырагы.

Комментариев нет:

Отправить комментарий