...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


понедельник, 16 ноября 2015 г.

Майып мышык

Бир убакта турак кылгам эски үйдү.
Бир нече жыл андан бери өтүптүр.
Биздин үйдүн тургундары билчү эле,
Бир түрү суук мышык жашап жүрчү эле.
Байкуш мышык дайым турчу таанылып,
Бир көзүнөн, бир кулактан айрылып.
Билчү мышык кандай жаман экенин,
Бул дүйнөдө жалгыз жашоо дегениң.
Буту менен куйругунун бир жери
Бүтүп калган сынган жерден ийрейип.
Башка дагы толуп жатат тырыктар..
Болпойгон бир болчу таргыл мышык ал.
Бирөө дагы сылачу эмес кол менен.
Бөтөлкө же таш ыргытчу каар менен.
Короосунан кетирүүгө шашышып,
Кубалашчу муздак суудан чачышып.
Кирем десе чоочун үйгө - бүт баары
Каалгага кыпчытышчу буттарын.
Кыйналгандан жалагылап жараатын,
Канча жолу түнөк кылды там артын.
Көргөн элдер таң калышчу кызыгып,
Кайратына бул сүйкүмсүз мышыктын.
Куюшса да шлангдан суу тынымсыз -
Качпай сууда тура берчү ың-жыңсыз.
Бирнерсе алып аны уруп жатса да,
Буттарына сөйкөнөт ал качпастан.
Балдар ойноп жүрсө калбай ээрчип,
Бекер эле күтөт байкуш мээрим.
Билбейт, неге кең болсо да дүнүйө,
Бир адам жок багып алчу үйүнө.
Болбосо да сырты таза, көркөмдүү,
Бирок ичи ак, ал сүйүүгө жөндөмдүү.
Бир күнү аны коңшу үйдүн иттери,
Баса калып матырышты тиштерин.
Боор ооруткан үнү чыкты чырылдап.
Барсам - мышык сулап жатат кырылдап..
Байкуш сансыз жараат алып кыйналып,
Баары кызыл - жатат канга чыланып.
Бекингендей коркуу менен оорудан,
Бүрүшүптүр, кыймылдабай ордунан.
Билди мышык ажалы жетип калганын.
Бөлүп өттү аккан жашы маңдайын.
Бир башкача дем алганы киркиреп.
Боорума алып, үйгө бастым титиреп.
Бар азабын сезип жаттым мен анын.
Башканы кой кыйнап жатты дем алуу.
Бир убакта башын созуп бетиме
Бери умтулду назик жалап өтүүгө.
Буулуп жашка, алдым аны, кучактап.
Башын созду алаканыма ыктап.
Байоо көзүн буруп менин жүзүмө,
Булдуруктап, мыйоолоду үзүлө..
Кыйналуудан турса дагы жанчылып
Күтүп турду менден мээрим тамчысын.
Куткара албай анын асыл жүрөгүн
Капалануум болду анын тилеги.
Капысынан мен ошондо түшүндүм,
Ким көркөмдүү, кимдин сүйүү күчтүүсүн,
Карап турган мени өлүм алдында
Кадимки эле көрксүз мышык ал мында.
Камкордукту алгачкы ирет көрүшү,
Кимдир бирөө ага мээрим төгүшүн.
Кубанычка батты бир жан жолугуп,
Кыйнабаган, басаңдаткан оорусун.
Келе жатып өлдү үйгө жетпестен.
Кеч киргиче мен олтурдум подъезде.
Көпкө турдум алып аны колума.
Коркунучтуу санаа келип оюма.
Кешиксиздин кылганын мен баамдадым-
Көз ирмемде мени өзгөртүп салганын.
Кыйналуунун эмне экенин үйрөттү,
Көп китептен артыгырак сүрөттөп.
Как жүрөккө, денеме эмес, так салды.
Канча түйшүк мен турмушта тартсам да,
Көксөөм бирөө, башкага эч кызыкпайм-
Келет сүйгүм ошол майып мышыктай.

Игорь Мазунин

Комментариев нет:

Отправить комментарий