...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


понедельник, 31 декабря 2012 г.

Бон Жови - Мага болгон сүйүүң үчүн рахмат

Кээде айтууга жетпейт эрким
Сага айткым келгенди
Сен жана мен, башка эчким...
Көчө чырак термелди,
Эшикти жап,
Бөлүнөлү дүйнөдөн
Болгон сага берчү дүйнөм
Ушул гана бир сүйлөм:
Сүйгөнүңө рахмат.
Көрбөй калсам
Көзүм сенсиң
Тумчуксам мен
Дем бересиң
Сүйгөнүңө рахмат
Сүйгөнүңө рахмат
Менде кыял жок дечүмүн
Өзүң болдуң кыялым
Көздөрүңдө сыйкыр күчү
Бар экенин туямын
Чын айтамын,
Сыр катпайм сенден
Алдасам сен түр кылмаксың
Калп сөзүмө ишенгендей
Сүйгөнүңө рахмат
Көрбөй калсам
Көзүм сенсиң
Тумчуксам мен
Дем бересиң
Сүйгөнүңө рахмат
Тургузасың, мен жыгылсам
Коргойсуң сен, күчтөн тайсам
Мен чөксөм, деңизди артка чегинтип
Куткармаксың жаныңды оозго тиштеп
Эшикти жап,
Бөлүнөлү дүйнөдөн
Болгон сага берчү дүйнөм
Ушул гана бир сүйлөм:
Сүйгөнүңө рахмат.
Көрбөй калсам
Көзүм сенсиң
Тумчуксам мен
Дем бересиң
Сүйгөнүңө рахмат
Уча албайтсам
Канат бердиң
Тумчуксам мен
Мага демсиң
Сүйгөнүңө рахмат
Сүйүүң үчүн рахмат
Сүйүүң үчүн рахмат

Комментариев нет:

Отправить комментарий