...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 8 декабря 2012 г.

Тестиер бала кезде,
Жайлоого барчу элем.
Тайкемдин атын сурап,
Жан калбай чапчу элем.
Чогулуп таксист достор,
Шаар тынчып, түн болгондо.
Шаң салып жарышчубуз,
Шапар тээп чоң жолдордо.
Кулактар жапырылып,
Күүлөнүп атырылып.
Күлүктөр өтсө сызып,
Көккө чаң сапырылып.
Моторлор күрүлдөшөт,
Жол чырак күйүп өчөт.
Зуулдап топ машина,
Абаны тилип өтөт.
Ээрге бек жабышып,
Тизгинде кол карышып.
Аркырап шамал болсо,
Жүлжүйтө көздү ачып.
Карабай оңго-солго,
Көңүлдү буруп жолго.
Дапдаяр газ басууга,
Тормоз тээп токтогонго.
Ат тердеп, сен да ысып,
Денеде каның кызып.
Мотордун күрүлдөгү,
Жүрөктүн дүкүлдөгү,
Жарышкан кандай кызык!

Комментариев нет:

Отправить комментарий