Балалыктын бал күндөрү оюмда:
Биз жашачык бийик тоолор койнунда,
Бир ажайып кереметтүү жер эле,
Буркан түшкөн тоо суусунун боюнда.
Биз жашачык бийик тоолор койнунда,
Бир ажайып кереметтүү жер эле,
Буркан түшкөн тоо суусунун боюнда.
Карга чүмкөп асман-жерди, күркүрөп,
Каардана кыш чилде өкүм сүрөт.
Жөнөчү элек отунга апам экөөбүз,
Жүктөп араа, балта, жип, чана сүйрөп.
Каардана кыш чилде өкүм сүрөт.
Жөнөчү элек отунга апам экөөбүз,
Жүктөп араа, балта, жип, чана сүйрөп.
"Кулактары" түшүрүлгөн тумакты,
Баса кийгем кымтылап, жаап кулакты,
Колдо кол кап, бутта болсо чоң өтүк,
Көрүнүшүм кудум күчүк сыяктуу.
Баса кийгем кымтылап, жаап кулакты,
Колдо кол кап, бутта болсо чоң өтүк,
Көрүнүшүм кудум күчүк сыяктуу.
Бул көз ирмем жүрөккө бек сакталды:
Карч-курч кечип жаңы жааган ак карды,
Анда-санда сурап коюп апамдан,
Кыялдарым учат алыс жактарда.
Карч-курч кечип жаңы жааган ак карды,
Анда-санда сурап коюп апамдан,
Кыялдарым учат алыс жактарда.
Көрүп калсам жаныбардын издерин,
Жакын жерде жүрөбү деп издеймин.
"Коёнбу же түлкүбү? Эх, чаап алсам,
Колумдагы таяк менен бир",-деймин.
Жакын жерде жүрөбү деп издеймин.
"Коёнбу же түлкүбү? Эх, чаап алсам,
Колумдагы таяк менен бир",-деймин.
Караталга, кайыңга бай калың бак,
Кирип келдик токойго да жакындап.
Бутактагы карды жерге түшүрө,
Сагызгандар уча качат шакылдап.
Кирип келдик токойго да жакындап.
Бутактагы карды жерге түшүрө,
Сагызгандар уча качат шакылдап.
Издеп жүрүп бак-даракты аралап,
Жарамдуусун тандап, кыйып, араалап,
Чапчу жерин балта менен чапкылайм,
Түз чаба албай, кылам кечке далалат.
Жарамдуусун тандап, кыйып, араалап,
Чапчу жерин балта менен чапкылайм,
Түз чаба албай, кылам кечке далалат.
Бүтпөй, тажап, аракетим солгундап,
Апам айтат: - Бол күчүгүм, бол ылдам!
Ал учурда мындай турсун үшүгөн,
Тердеп чыгам, буу оргуштап койнумдан.
Апам айтат: - Бол күчүгүм, бол ылдам!
Ал учурда мындай турсун үшүгөн,
Тердеп чыгам, буу оргуштап койнумдан.
Отундарды жүктөп алып чанага,
Үйдү көздөй жол тартабыз чаалыга.
Тээ алыстан көк түтүнүн сызылтып,
Биздин үй да күтөт бизди зарыга.
Үйдү көздөй жол тартабыз чаалыга.
Тээ алыстан көк түтүнүн сызылтып,
Биздин үй да күтөт бизди зарыга.
Комментариев нет:
Отправить комментарий