***
Унтулдук, жалгызбыз дүйнөдө.
Олтур кел, бул жылуу, тынч үйдө.
Унтулдук, жалгызбыз дүйнөдө.
Олтур кел, бул жылуу, тынч үйдө.
Бурчунан бул жылуу бөлмөнүн
Октябрь күүгүмүн көрөлү.
Октябрь күүгүмүн көрөлү.
Айнектен көрүнөт көп жарык.
Экөөбүз, жан досум, карыдык.
Экөөбүз, жан досум, карыдык.
Баары артта. Жакшы да, жаман да,
Астыда сен көрчү эмне бар?
Астыда сен көрчү эмне бар?
Карайсың окугуң келгенсип,
Ал жактан сен жаңы нерсени.
Ал жактан сен жаңы нерсени.
Күттүңбү жалындуу перини?
Баары өттү. Келбейт ал эми.
Баары өттү. Келбейт ал эми.
Дубалдар, китептер, күндөрдү
Колдонуп, жан досум, биз көндүк.
Колдонуп, жан досум, биз көндүк.
Эч нерсе күтпөймүн, таарынбайм,
Өткөнгө таптакыр кайгырбайм.
Өткөнгө таптакыр кайгырбайм.
А бирок, тизесиң кайрадан,
Жипке сен, шуруну жайнаган,
Жипке сен, шуруну жайнаган,
Мурунку кездегидей болуп...
О, ал кез болучу эң сонун!
О, ал кез болучу эң сонун!
Жашыраак кезиңде, бирок сен,
Жибектин ачыгын алчу элең,
Жибектин ачыгын алчу элең,
Колуңда ылдамдык бар эле...
Түстүүрөөк жибек жип ал эми,
Түстүүрөөк жибек жип ал эми,
Ийнеге саптаган ал жиптин,
Түсүнөн бул күүгүм жеңилсин.
Түсүнөн бул күүгүм жеңилсин.
А. Блок
Комментариев нет:
Отправить комментарий