...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


среда, 9 января 2013 г.

Ап-ачык тартылып элесиң,
Апаке, түшүмдө келесиң.
Ойгонуп, ойлонуп жатканым
Сезбессиң... же балким сезерсиң.
Түшүмдө кадимки өңүмдөй.
Көзүмө көрүнүп көрүнбөй
Жүрөсүң, жайдары мен жүрөм,
Жабышып жаныңдан бөлүнбөй.
Жан жыргап, жаныңда санаасыз
Жүргөндө күндөрдө баягы,
Көкүрөк кысылтып, сагынтып,
Көрүнөт ал түштүн аягы..

Комментариев нет:

Отправить комментарий