...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


воскресенье, 27 января 2013 г.

Данияр Деркембаев - "Жердеги муң тууралуу Көктүн кошогу".


Кангып шамал, чатырды урат,
Кайкып түшкөн жамгыр менен,
Чыктым жаанга көңүл бурбай,
Базар көздөй эртең менен.
Селсаяктар жана байлар,
Ызы-чуулуу жыйыны элдин,
Арасында отурат аял,
Чымчыктарга жемден берип.
Жадеп эскирген күрмөчөн,
Жоолугу да өңү өчкөн,
Андан чыккан чачын көрсөң,
Жуулбай такыр, кирдеп бүткөн.
Жалбырак сымал дирилдеп,
Колу да үнү калтырайт,
Бир карап мени билди бейм,
Мен кантип аны тааныбайм.
Биз ким болдук, эмне кылдык?
Убакыт нугун артка тартты,
Арбап, башым айландырып,
Алып учуп мени алпарды...
... досторума, унут күнгө.
Эх, коштошуу кече, бийлер,
Биз сейилдеп айлуу түндө,
Салкын жел жалбырак үйлөп.
Таң атканча маектештик,
Жамгыр суусу жандан өттү,
Бирок ал жай узап кетти,
Тагдыр бизди эки бөлдү.
Сенин назик үнүңдү эстейм,
Тааныш мага, жакынымдай,
Өткөн жашоо эми келбейт,
Өттү чейрек кылым, жылдар.
Көздөрү эми ойноктобой,
Аппак жүзүн бырыш баскан,
Ичимдиктин жыты согот,
Эски сумкасында “Агдам”.
Биз экөөбүз көпкө турдук,
Сүйлөшүүгө бир сөз таппай,
Көздөн жаштар агып турду,
Балким, жамгыр суусу – аккан.
Мага үнсүз сүйлөдү да,
Унчукпастан басып кетти,
Эх, жашоо, өзгөрдү ал!
Ажал кызын алып кетип.
Жамгыр менен кучакташып,
Тентип жүрдүм, эсим өчүп,
Эски базарда, жан ачып.
Асман турду жашын төгүп..

Комментариев нет:

Отправить комментарий