Элетте курчуган талаа иштер жүрүшү...
Үлүшү! Эмгекте орус аял үлүшү!
Мындан оор түйшүк кайда бар?
Үлүшү! Эмгекте орус аял үлүшү!
Мындан оор түйшүк кайда бар?
Шондуктан мезгилден эрте эле соолуйсуң,
Баарына чыдаган кайран эл- орустун
Энеси, шору кайнаган!
Баарына чыдаган кайран эл- орустун
Энеси, шору кайнаган!
Жан чыдагыс аптап: түздүктөр созулган,
Эгиндер кылкылдап, асманга кошулган-
Күн аёосуз куйкалайт.
Эгиндер кылкылдап, асманга кошулган-
Күн аёосуз куйкалайт.
Бечара аялда ал калбай чарчады,
Чымындар, чиркейлер үйүлүп курчады,
Бирде чагат, бир талайт!
Чымындар, чиркейлер үйүлүп курчады,
Бирде чагат, бир талайт!
Көтөрө коём деп салмактуу чалгыны,
Кесилди аялдын жылаңач балтыры-
Убак жок басууга канды!
Кесилди аялдын жылаңач балтыры-
Убак жок басууга канды!
Кошуна айдоодон ыйлаган үн чыкты,
Ал жакка тызылдайт, бошоп өрүм чачы,-
Терметиш керек баланы!
Ал жакка тызылдайт, бошоп өрүм чачы,-
Терметиш керек баланы!
Эсиң ооп, сен неге турасың жалдырап?
Чыдамкай болгун деп балага бер ырдап,
Чыдамкай эне ырдагын!...
Чыдамкай болгун деп балага бер ырдап,
Чыдамкай эне ырдагын!...
Көз жашпы, же терби кирпикке жабышкан,
Так айтуу кыйын аныгын.
Идишке кирдеген чүпөрөк жабылган,
Баарыбир төгүлөт, агылып!
Так айтуу кыйын аныгын.
Идишке кирдеген чүпөрөк жабылган,
Баарыбир төгүлөт, агылып!
Ысыкка кесилген купкургак эрини
Жабышат идиштин жээгине...
Таттуубу, асылжан, туз даамдуу бул көз жаш
Кычкыл даам кваска аралаш?...
Жабышат идиштин жээгине...
Таттуубу, асылжан, туз даамдуу бул көз жаш
Кычкыл даам кваска аралаш?...
Комментариев нет:
Отправить комментарий