Оттой жанган,вулкан сымал кайнаган,
Сүйүүбүздү муздак шамал айдады.
Кулап жатты арасына тоолордун,
Асмандагы жылдыздар да, ай дагы.
Сүйүүбүздү муздак шамал айдады.
Кулап жатты арасына тоолордун,
Асмандагы жылдыздар да, ай дагы.
Миң жылдарга созулду биздин сүйүү,
Жүрөм чексиз кең асманда сени издеп.
Жүрөк ээрчийт оттой кызарган күндү,
Чөгүп жаткан түпсүз терең деңизге.
Жүрөм чексиз кең асманда сени издеп.
Жүрөк ээрчийт оттой кызарган күндү,
Чөгүп жаткан түпсүз терең деңизге.
Аппак колуң мен кыса кармаганмын,
Балким, эми экинчи кармабасмын…
Балким, эми экинчи кармабасмын…
Комментариев нет:
Отправить комментарий