...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


среда, 28 ноября 2012 г.

Көп ичинен көңүлгө жаккан кызсың...
Балким азыр мени күтүп жаткандырсың,
Чалса деп, сүйлөсө деп, абалын билдирсе деп,
Көңүлдү бир көтөрүп, кубантса, күлдүрсө деп.
А бирок эмнени айтам? Не кеп курам?
Кабагым карыш салып мен олтурам,
Чыгалбай, түшүп терең кайгынын чуңкуруна,
Кыйналып, келтире албай жашоомду өз нугуна.
Биз бирге болчу күндү, мен кантип жакындатам?
Акылым, чамам жетпей, ойлонсом башым катат.
Ушундай чабалдыгым, алсыздыгым,
Жашоомдун кунарсыз, жансыз ырын,
Сен билсең, дале мени сүйөөр белең?
Же айнып көңүлүң сенин,
Чырмалган сезимдердин,
Көрүнбөс кыл жиптерин үзөөр белең?

Комментариев нет:

Отправить комментарий